Дамира Ниязалиева акын Алыкул Осмоновдун Каптал-Арык айылында жайгашкан мемориалдык үй-музейинде болду













КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында болуп, акын Алыкул Осмоновдун мемориалдык үй-музейинде жасалып жана пландаштырылып жаткан иштер менен кеңири таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Ошондой эле вице-премьер 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландаштырылган 350 орундуу конференц-зал куруу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 33 миллион сом акча каражатынын сметасын аныктоо жана конференц-залдын сырткы көрүнүшүнүн макетин кайрадан карап чыгуу боюнча тапшырма берди.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана Чүй облусунун ыйгарым өкүлчүлүгүнө 2015-жылдын 25-мартына чейин акындын 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөө максатында түзүлүп жаткан иш-чаранын сценарийин биргеликте иштеп чыгып, сарпталуучу каражаттын эсебин алуу боюнча тапшырма берилди.
Белгилей кетсек, 2015-жылы көрүнүктүү кыргыз акыны Алыкул Осмонов 100 жашка чыкмак. Бул кылым карыткан датаны мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча КРнын Өкмөтүнүн атайын буйругу чыгып, вице-премьер-министр жетекчилик кылган уюштуруу комитетинин курамы бекитилген. Учурда бул иш-чарага даярдыктар көрүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.