super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "гезит кайсы тилде чыкса, андагы жарнама да ошол тилде берилсин" дейт

 

“Жарнак жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Өмүрбек Текебаевдин айтымында, азыркы тапта мезгилдүү басылмалар бүткүл дүйнөдө кризиске учурап жатышат. Бүгүн гезиттер жарнаманы мыйзам боюнча кааласа-калабаса дагы кыргызча-орусча басып чыгарышы керек болууда. Мындай жагдай гезитте көп көлөмдү ээлеп калып жатат жана кошумча каражатты талап кылууда.

Андыктан сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна мезгилдүү басылмалардагы жарнама ал басылма чыгарылган тилде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде жайылтылышын караган ченемди киргизет.

Ал эми мурдагы талап көчөдөгү көрнөктөргө, телеканалдардагы жарнамаларга кала берет. Себеби аларда көлөм чектелбейт, кошумча каражат талап кылынбайт.

Талкууда депутат Ыргал Кадыралиева “жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде жайылтылышы” деген толуктоонун ордуна “кардар кошумча жарнама берүүнү кааласа, кыргыз же орус тилинде берүү” деген өзгөртүү менен алмаштырууну сунуштады. Мындай сунушка демилгечи макулдугун берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: