Мамлекеттик сатып алууларда тендерди электрондук формада өткөрүү системин иштетүүчү мыйзам долбоору 2-окуудан өттү
Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өркүндөтүү, ачык-айкындыкты, эффективдүүлүктү жогорулатуу жана мамлекеттик сатып алуулар системиндеги коррупцияны азайтуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары мыйзам адамдык фактордун кийлигишүүсү толугу менен жок кылынган тендерлерди өткөрүүнүн электрондук системин киргизүү менен ачык мамлекеттик сатып алуулар системин курууга багытталган.
Мыйзам долбоору өкмөттүн 2015-жылдын 3-февралындагы токтому менен жактырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

