super.kg logo

Ош шаарында жоголгон 21 жаштагы студент кызды издөө иштери борбор калаада улантылат

 

Ош шаарында жоголгон 21 жаштагы Мария Рыбалованы издөө иштери натыйжасыз болгондуктан, аны издөө иштери борбор калаада улантылмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мария Рыбалова 19-январда саат 09:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери Ош шаарында, Жалал-Абадда да жүргүзүлгөн, бирок ал эч кандай натыйжа берген эмес. Айрым маалыматтарга ылайык, жоголгон кыз борбор калаага чет жакка кетүү максатында келиши мүмкүн. 

Дайынсыз жоголгон Мария Рыбалова үстүнө кара дублёнка, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Бою болжол менен 160-165 сантиметр. Кимде-ким бул кыздын жүргөн жери тууралуу маалыматка ээ болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын иликтөө бөлүмүнө кайрылса болот: (03222) 5-71-81, 102 же (0555) 11-61-92.

Айта кетсек, 2 ай мурун жоголгон кыздын атасы, андан көп өтпөй бир тууган агасы каза болуп калган. Мария Рыбалова үй-бүлөсүндөгү жоготуулардан улам депрессияда жүргөнү айтылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.02.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tynch ele bolson boldu karyndaw
12.02.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакын адамдарынды жоготуудан оор нерсе жок бул омурдо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: