super.kg logo

Борбордо пара алып жаткан жеринен милиция кызматкери кармалды

 
Борбордо пара алып жаткан жеринен Биринчи Май районунун милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгына арыз түшкөн. Анда жабырлануучу Биринчи Май районунун тергөөчүсү ага кылмыш ишин козгобоо үчүн 5 миң сом пара талап кылып, уюлдук телефонун алып койгонун айткан. Кечээ, 11-февралда 2 миң сом пара алып жаткан жеринен Биринчи Май райондук ИИБинин №8-шаардык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Учурда чогултулган материалдардын баары шаардык прокуратурага жөнөтүлүп, ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кармалган тергөөчү өткөн жылы гана окуусун аяктап, тергөөчү болуп иштегенине 2-3 ай эле болгон. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.02.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коллегалары катары оокат кыйайын дептир че то окшошпой калыптыр эки уч ай эле болсо иштегенине анда эрте баштап алган го
12.02.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Практикасы ас болуп калган тура,болбосо окууда кандай тарбия алса ошону жасайт да.
13.02.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмыш ишти кантип жаап жашырат?
Кылмышкерлерди камаш керек, элге тынчтык керек!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: