Кыргызстандык жаш балбан Таластан Канжарбек Орусияда өткөн мелдеште коло медаль тагынды

Кыргызстандык жаш балбан Таластан Канжарбек орусиялык балбан, Олимпиада чемпиону Борис Гуревичтин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу Орусиянын Күрөш федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 21-ирет уюшулуп, грек-рим күрөшү боюнча жаш балбандар арасында 7-8-февраль күндөрү өткөрүлгөн мелдеште 11 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды. 58 килограмм салмакта Кыргызстандын желеги астында кармаш өткөргөн Таластан Канжарбек беттештеринин биринде утулуп, чемпиондук күрөштөн четтеп калган. 3-орун үчүн болгон күрөштө ал ийгиликтүү болуп чыкты. Алтын жана күмүш медалдарды орусиялык балбандар камсыздашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.