Элди уюлдук телефон аркылуу алдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Элди уюлдук телефон аркылуу алдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 38 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал уюлдук телефон аркылуу чалып, өзүн өкмөт аппаратынын өкүлүмүн деп тааныштырган адам алдоо жолу менен 10 миң сом өндүрүп алууну көздөгөнүн айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, чалуу Жазаларды аткаруу кызматынын №3-мекемесинен болгону тастыкталган. Ал жакты кароо учурунда 6 уюлдук телефон, сим-карталар табылган. Учурда “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bazar

12.02.2015. 19:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түрмөдө телефон пайдалансаң, ырахат го жашоо!.. интернеттке кириип отурганга кеңири убакыт.
nazira1989

12.02.2015. 22:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуга окшош эле алдамчылык,элдерге чалып Россиядан посылка келди,бизди границада кармап турушат,бизге паланча бирдик салып коюнуз,сиз мн байланышып турганы дешип коп адамдарды тузагына илишти.Акча которунуз,передачаны алып келип бергенибизге,биз бензинибиз тугонуп жолдо калдык деп да алдашат экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.