super.kg logo
  Саясат  

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчылар кеңешинин жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда 2016-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчылар кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынына карата өз учурунда даярдык көрүүнү жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо, чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алуу үчүн уюштуруу комитетин түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 12-февралда президенттик аппараттан билдиришти. Жарлыкка ылайык, уюштуруу комитетин биринчи вице-премьер-министр жетектейт. Комитетке тийиштүү иш-чаралардын планын 2015-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгып, бекитүү тапшырмасы берилди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: