super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин айым депутаттары өлкөдөгү үй-бүлө зомбулугун талкуулашты

 

Парламентте бүгүн, 12-февралда аял депутаттар форумунун кезектеги жыйыны өтүп, өлкөдөгү үй-бүлө зомбулугу тууралуу маалымат угулду. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев калкка социалдык жактан колдоо көрсөтүү, социалдык-экономикалык көйгөйлөргө кабылган үй-бүлөлөрдү каттоого алуу, алар менен иш алып баруу жаатында баяндама жасады. 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жосундары күчөп бара жаткандыктан, аймактык милиция жана өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 3 комитеттин биргелешкен жыйынында бул маселе каралып, Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору иштелип чыкканын, ал жакын арада парламенттин кароосуна коюларын билдирди.

Жогорку Кеңештин айым депутаттары каржылоо жана штат бирдигинин көбөйүшүн күтүп отурбай, зордук-зомбулук жосундарына бөгөт коюуга күч жумшоо керектигин айтышканын билдирет ЖКнын маалымат кызматы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: