super.kg logo

"Тамашоу": Сүйүү күнү, саясат куйкум тамашалар менен чагылдырылган Кышкы фестивалда "Универсал" командасы "Мыкты команда" деп табылды

 
"Тамашоу" Лигасынын Кышкы фестивалында "Мыкты команда" наамына "Универсал" курама командасы татыктуу болду.
"National" курама командасынын Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларды, саясатчылардын олуттуу кадамдарын футболго салыштырган тамашасы бул фестивалда "Мыкты тамаша" наамына татыктуу болду.
"Ошингтон" курамасындагы Медер аттуу баланын актёрдук чеберчилиги, сахнада өзүн алып жүргөнү, активдүүлүк көрсөтүп аткарганы ага "Мыкты оюнчу" наамын алып келди.
"National" курама командасынын Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларды, саясатчылардын олуттуу кадамдарын футболго салыштырган тамашасы бул фестивалда "Мыкты тамаша" наамына татыктуу болду.
"Тамашоу" долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев да тамашаларга кошулуп, бардык оюнчуларды колдоп турду.
"Тамашоучулардын" талантын таразалаган калыстар тобу.
"Тамашоучулардын" талантын таразалаган калыстар тобу.

Борбор калаадагы Спорт Ордосунда 12-февралда "Тамашоу" долбоорунун 7-сезонунун Кышкы фестивалы болуп өттү. Бул жолу да "тамашоучулар" жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулашты. "Тамашоу" долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев да тамашаларга кошулуп, бардык оюнчуларды колдоп турду.

Кышкы фестивалда катышуучулар “Курт-кумурскалар менен күрөшүүнүн альтернативдүү жолдору” деген теманын алкагында тамашаларын тартуулашты. Албетте, 14-февраль - Сүйүү күнү, рублдун курсунун түшүүсү, КРнын Башкы прокурорунун алмашканы тамашаларда басымдуулук кылды.

"Кыргыз двордун" жигиттеринин бири "бул биз үчүн майрам эмес" десе, калганы "ооба, анткени сенин сүйлөшкөн кызың жок да" деп көпчүлүктү жылмайтышты. 

"Brooklyn" курамасындагы толук кыз "Жигиттер, силер мага окшогон кызды карабайсыңар, бирок арык кызыңар шамал болгондо учуп кетет. Мен силерди сактап, шамалды тосуп турам" деп арманын айтты.

Фестивалга биринчи жолу катышып жаткан "Ошингтон" курамасы калыстар тобунун да, "Тамашоунун" күйөрмандарынын да мактоосуна татыды. Алгачкы жолу чоң сахнага чыкканына карабастан, жаш оюнчулар мыкты оюн көрсөтүп беришти. Курамдагы Медер аттуу баланын актёрдук чеберчилиги, сахнада өзүн алып жүргөнү, активдүүлүк көрсөтүп аткарганы ага "Мыкты оюнчу" наамын алып келди.

"National" курама командасынын Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларды, саясатчылардын олуттуу кадамдарын футболго салыштырган тамашасы бул фестивалда "Мыкты тамаша" наамына татыктуу болду.

Бирин-бири тамашага салгандан тартынбаган, фестивалга жогорку деңгээлдеги даярдыкта келген "Универсал" курама командасы "Мыкты команда" наамын жеңип алды. Алардын аткаруусундагы курт-кумурскалар тууралуу сабак, жер алдындагы өтмөктө бут кийим тазалагандардын таймашы көпчүлүктүн эсинде көпкө сакталары бышык. 

"Тамашоу" Лигасынын 7-сезондогу Кышкы фестивалы "тамашоучулар" Самат Эркинбеков жана Мурат Жалиевдин тамаша баттлы менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, фестивалда “Рота”, “Тамашарики”, “Багыт”, “Арабаев”, “Олимпик”, “НКБ”, “National”, “Универсал”, “Позитифф”, “Евраш”, “Brooklyn”, “Ошингтон”, “Кыргыз двор”, “Элестет”, “Ассорти”, “IUK” командалары күч сынашты. Алардын талантына баа берип, тамашаларын "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, дизайнер Замира Молдошева, ырчылар Омар, Урмат Усенов, "тамашоучулар" Самат ЭркинбековМурат Жалиев, юрист Жоомарт Жолдошев, КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментинин Атайын карантин жана кооптуу оорулар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев электен өткөрүштү.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
13.02.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош алга
13.02.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kama_future_millioner,оооооооооо ОШ алга,Актилек баракелде иним.
13.02.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оо абдан Жакшы Ош Молодцы Ошингтон командасы каяктыктар болду экен ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-13 11:21:38
13.02.2015. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ArgenMers, Ошингтон бул ОШТтуктар
13.02.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ArgenMers, аймактык бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
13.02.2015. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОшТУнун студенттери алга,ийгилик сиздерге ар дайым жылмайсын.жакшы даярдыктар менен финалда жениш каалайм.Калыбек Асьад болсо сонун болмок.ал да мыкты оюн корсотот эле.
13.02.2015. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошолор дегенда команда бар элего катышпадыбы алар?
13.02.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ош алга алга жана алга!ийгилик силерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: