Кытайда Кыргызстандагы Түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун 2-фазасын курууну каржылоо тууралуу сүйлөшүү болду
Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 12-февралда Кытайдын транспорт жана коммуникация министри Ян Чуантан менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында транспорт-коммуникациялык тармактагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу пикир алышканын министрликтен билдиришти. Кыргызстандык министр Кытайдын "Эксимбанкынын" вице-президенти Сун Пин менен да жолугушуп, Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун (Түндүк-түштүк кошумча унаа жолу) 2-фазасын курууну жана башка ири долбоорлорду каржылоо тууралуу сүйлөшүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















