super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "Кыргыз алтындын" өкүлү Кылычбек Шакировду "чыккынчы" атады

 

"Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров мамлекетке чыккынчылык кылды",- деп билдирди депутат Өмүрбек ТекебаевАта Мекен” фракциясынын 13-февралдагы жыйынында. Анын билдиришинче, Шакиров канадалык тарапка “Кумтөр” улутташтырылбайт” деген кепилдик берип, Жогорку Кеңештин улутташтыруу боюнча чечимине каршы чыгууда.  

“Шакиров "Жогорку Кеңеш “Кумтөрдү” улутташтырууга аракет кылып жатат" деп канадалык ишкерлер Кыргызстанга чочулап келбей жатышат. Биз аларга "эч кандай улутташтыруу болбойт" деп убада берип жатабыз” деп маалымат бериптир. Чиновник катары анын минтип айтууга укугу жок. Ошондуктан “Ата Мекен” фракциясы Шакировдун жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөткө сунуш киргизип жатат. Парламент өткөн жылы “Кумтөрдөгү” үлүштү теңме-тең бөлүштүрүү боюнча маселени карап, сүйлөшүү жүргүзүүгө 3 ай убакыт берген. Жыйынтык чыкпаса, улутташтыруу сунушун алып келүү боюнча чечим кабыл алынган”,- деди Текебаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: