super.kg logo

Нарын. Шаардагы коомдук коопсуздук менен байланышкан маселелер талкууга алынды

 

Кечээ, 12-февралда Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында “Реформалар жана жыйынтык үчүн” жарандык союзу тарабынан тегерек стол уюштурулду. Мэриядан кабарлашкандай, анда алгач 2015-жылдан тарта бардык облустарда Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштаган маектешүү аянтчасын түзүүнүн максаты жөнүндө түшүндүрүлдү.

Тегерек столдун негизги максаты көйгөйлүү маселелердин болушунча ылайыктуу чечимдерин биргелешип издөө болуп эсептелгендиктен, шаардагы коомдук коопсуздук менен байланышкан өтө курч болгон көйгөйлөр каралды. Ошондой эле маектин жүрүшүндө милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун бирдиктүү аракеттеринин негизинде калктын коопсуздугу боюнча маселелерди чечүү туурасында катышуучулар тарабынан ой-пикирлер талкууга алынып, орун алган көйгөйлөрдү айтуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, аларды чечүү жолдорун бирге издөө сунушталды.

Бул семинарга Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, аксакалдар сотунун кеңешинин ардагерлери, жаштар уюмунун мүчөлөрү катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: