super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы Ноокат шаарында канализациянын курулушуна көмөк көрсөтөт

 

Бүгүн, 13-февралда КСДП фракциясынын жыйынында Ноокат райондук кеңешинин депутаттары Ноокат шаарында борбордук канализацияны куруу маселесин чечип берүүнү суранышты. Зулпуев айылдык кеңешинин төрагасы Нургазы Баймуратовдун айтымында, борбордук канализациянын жоктугунан жергиликтүү тургундар жапа чегишүүдө. "Айрым жарандар ооруларга кабылып жатышат. Бул маселени тезирээк чечпесек, көйгөй күчөп кетиши мүмкүн",- деди жергиликтүү кеңештин депутаты.

Фракция мүчөлөрү Ноокаттын депутаттарынын маселесин чечип берүүнү колдошту, депутат Төрөбай Зулпукаров аймакка барып, кырдаал менен таанышып чыгууга убада берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: