super.kg logo

2014-жылы Токтогул суу сактагычына 14 миллиард метр кубдан ашык суу агып кирген

 

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2010-жылы 19 миллиард метр кубга жеткен. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында айтылды. 2011-2012-2013-жылдары 13 миллиард метр кубдун терегиндеги суу агып кирсе, өткөн жылы 12 миллиард метр кубга жеткен.

Ал эми сууну агызып чыгарууда 2011-жылдан бери эл аралык норма сакталган эмес. Маалыматка ылайык, 2010-жылы 10 миллиард метр куб суу агызылса, 2011-жылы 14 миллиард 146 миллион метр куб, 2012-2013-жылдары 14 миллиард, 2014-жылы 14 миллиард 116 миллион метр куб суу агызылып чыгарылган. 

Жыйында фракция мүчөлөрү өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып: “Суу канчалык көп иштетилип жатканы менен, электр энергиясы аз чыгууда. "Өкмөттүн күнөөсү жок, кургакчылык болуп жатат" деп актанасыңар. Ширшовдун схемасы иштеп жатканы көрүнүп турат”,- дешти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: