super.kg logo
  Саясат  

Текебаев: "Токтогул суу сактагычындагы суу жылына 12 миллиард метр кубдан ашыкча иштетилбеши керек"

 

"Токтогул суу сактагычындагы суу жылына 12 миллиард метр кубдан ашыкча иштетилбеши керек". Муну депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 13-февралдагы отурумунда айтты. Анын айтымында, өкмөт эл аралык нормаларды сактабаганы үчүн Кыргызстан энергетикалык кризиске кабылды. “Токтогул суусу Кыргызстанды электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, коопсуздугубузду да камсыз кылган ресурс. Ошон үчүн сууну үнөмдүү иштетүүбүз керек. Энергетика жана өнөр жай министрлигине сууну каалагандай нормада иштетүүгө жол бербешибиз зарыл. Эл аралык нормага ылайык, суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард метр кубдан ашып кетсе да министрлик сууну агызбашы керек. Ашып бара жатса, элдин талкуусуна коюп, өкмөт башчынын жоопкерчилигин алып гана агызышы шарт”,- дейт Текебаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: