Өлкөдөгү энергетикалык кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлөт
Өлкөдөгү акыркы 10 жылдагы энергетикалык кырдаалды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлөт. Мындай чечимди Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 13-февралдагы жыйынында кабыл алды. Демилге фракция мүчөлөрү тарабынан сунушталды. Демилгечилер энергетика системинде Ширшовдун схемасы дагы деле иштеп жатканын айтышып, тез арада бул системди токтотуу керектигин белгилешти. Андан сырткары фракция бул багытта атайын мыйзам долбоорун иштеп чыкмай болду.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

