Суу бөлүштүрүүдө санариптик системди ишке киргизүүчү мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 13-февралдагы жыйынында суу бөлүштүрүүдө санарип түйүндөр системин ишке киргизүүчү ратификациялык мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды. Келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк Кыргызстандын суу байлыгын сарамжалдуу пайдалануу багытындагы долбоордун 1-фазасына 7 миллион 750 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүдө. Долбоор 4 бөлүктөн турат: улуттук суу байлыктарын башкаруу жана аны бекемдөө, суу пайдалануучулар үчүн сугат иштерин жөнгө салуу, сууну сарамжалдуу пайдалануу, жалпы мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

