Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна бөлүнгөн 1 миллиард сомду уурдаган 9 адам соттолгонуна карабай кызматта отурушканы айтылды
"Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна бөлүнгөн 1 миллиард 155 миллион сомду уурдаган 9 адам соттолгонуна карабастан, азыр дагы ошол эле энергетика тармагындагы жооптуу кызматтарда иштеп жатышат". Муну энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 13-февралдагы жыйынында айтты. Эксперт бул адамдар дагы деле мамлекетке зыян келтирип жатканына токтолду. “Мен калп айткан жокмун, документтери менде турат. Булар жоопкерчиликке тартылбаса, энергетикалык кризис улана берет”,- деди Умбеталиев.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаевге алар кимдер жана мамлекетке кандай зыян келтирип жатканы боюнча кат түрүндө маалымат бермекчи болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

