super.kg logo
  Саясат  

2014-жылы өлкөдө ветеринардык-санитардык талаптарды бузуу боюнча 4 материал укук коргоо органдарына берилген

 

Ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө башкармалыктары тарабынан 2014-жылы 3645 субъектти текшерүүгө жолдомо алынып, анын ичинен 3379 субъект текшерүүдөн өткөн. Маалыматты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 13-февралда билдиришти. Көзөмөлдөөнүн жыйынтыгында 1612 мыйзам бузуу фактысы катталып, 340 490 сом айып пул салынган.

"45 ишкердик субъекттин айрымдары мыйзам бузуунун даражасына жараша ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, айрымдары биротоло жабылды. 924 жолу мыйзам бузууларды оңдоого көрсөтмө жазылып, 4 материал тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилген",- деп билдирет мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: