super.kg logo
  Саясат  

Маркум Камила Дүйшөбаеванын WhatsApp`тагы аккаунту табышмактуу жоголгонун депутат Ширин Айтматова билдирди

 

“Киши колдуу болуп каза болгон Камила Дүйшөбаеванын атына катталган уюлдук телефондун номурундагы WhatsApp`тагы аккаунт мындан бир канча күн мурун табышмактуу жоголуп кетти”,- деп билдирди депутат Ширин Айтматова 13-февралда ИИМге жолдогон кайрылуусунда. Анын айтымында, Дүйшөбаеванын өлүмү эмне себептен болгонуна далил бермек. Ошондуктан ИИМден бул иш боюнча далил буюмдарга ким кире аларын жана WhatsApp соцтармагындагы катталууну өчүрүү үчүн СИМ-карта менен уюлдук телефонду колдонгон адам жөнүндө маалымат беришин суранды.

“Башка бирөө жаш кыздын өлүмүнө байланышкан маанилүү далилдерди жок кылууга аракет кылып жаткан жокпу? Бирок аталган уюлдук колдонмого 45 күн бою кирбесе, WhatsApp программасы колдонуучунун сүрөтү менен макамын автоматтык түрдө өчүрүп коёрун белгилеп коюу керек”,- деп жазган катында. 

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: