Кара-Көлдө балык уулап жүрүп сууга чөгүп кеткен жаранды издөө иштери аба ырайына байланыштуу токтотулду
Кара-Көлдө балык уулап жүрүп сууга чөгүп кеткен
жаранды издөө иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу
бүгүн, 13-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен Нуркалый Юсупбековду издөө иштери 9 күндөн бери натыйжасыз болууда. Кечээ аны издөөгө ӨКМнын 9 кызматкери жана изделип жаткан баланын 15тен ашуун тууганы чыккан. Бирок издөө иштери аба ырайына байланыштуу саат 15:30 чамасында токтотулду.
Эске салсак, 4-февраль күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 395-чакырымында Нарын дарыясына 3 адам кайык менен балык уулаганы чыккан. Кайык оодарылып, 2 адам чөгүп, 1 адам тирүү калган. Изделип жаткан жаран менен бирге сууга чөккөн 23 жаштагы Нурбек Бекташовдун жансыз денеси 9-февраль күнү саат 14:30 чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.