Тайырбек Сарпашев "Кадамжайдагы сурьма комбинаты өкмөттү артка тартууда" дейт
“2014-жылы Баткен облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 608 миллион сомго төмөндөп кетти”,- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн 13-февралдагы жыйынында. Анын айтымында, облустагы айрым ишканалардын пландарын аткарбай жатканынан улам ушундай болду. “Кадамжай сурьма комбинаты өкмөт 2014-жылга койгон тапшырманы аткарган жок. Сурьма комбинатынын коюлган тапшырманы аткарбаганы - өкмөттү экономикалык жактан артка тартып жатканы. Ошондуктан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнө кайрылып, бул мекемени катуу көзөмөл кылууга чакырам”,- деди Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

