super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш 19-февралда муфтияттын 12 миллион сомдук карызын кечүү демилгесин талкуулайт

 

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 13-февралда парламенттин 18-19-февраль күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибин бекитти. 18-февралда парламентте бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөр: “КРнын кинематографиясына мамлекеттик колдоо жөнүндө”, “КРнын мамлекеттик протоколу жөнүндө” жана патенттик мыйзамга сунушталган түзөтүүлөр каралмакчы. Ядролук материалды күч менен коргоо жөнүндө конвенцияга кошулууну жана эл аралык макулдашууларды да карайт.

Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктер”, “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоого жана террористтик актыларды же экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттер жөнүндө”, “Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз маалында төлөбөгөн учурда же толук эмес төлөөдө кошулган каржылык санкцияларды жана туумдарды жоюу жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлорун кароо пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: