Каржы министрлиги: Январь айында тышкы соода жүгүртүү 7 612,3 миллион долларды түздү

КРнын Каржы министрлиги 13-февралда 2015-жылдын январындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу аналитикалык маалыматты жарыялады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ага ылайык, орточо эмгек акынын реалдуу өсүшү 2014-жылдын январь-декабрь айларында 1,2 пайызды түздү. Номиналдык туюнтууда орточо айлык эмгек акы 12 435 сом деңгээлинде болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тышкы соода жүгүртүү 7 612,3 миллион АКШ долларын түздү же 2014-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 4,8 пайызга азайды. Анын ичинде экспорт –1 879,9 миллион АКШ доллары (6,3 пайызга азаюу), импорт – 5 732,4 миллион АКШ доллары (4,3 пайызга азаюу).
Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн чоңоюп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 3 852,5 миллион АКШ долларын түздү, бул сумма 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,2 пайызга аз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

