Бишкекте уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды
Бишкекте уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 42 жаштагы казак жараны, ошондой эле Талас облусунун 26 жана 31 жаштагы эки тургуну кармалган. Алар атайын жабдыктар аркылуу ээси жок унааларды ачышып, ичиндеги баалуу буюмдарды, акча каражаттарын алып кетишчү. Бул кылмыштуу топ Казакстандын аймагында жашап, Бишкекке январь айынын башында келишкен. Учурда алардын 6 фактыга катыштыгы бар экени аныкталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Автор: Бекжан Рыскулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.