Чаткалда убактылуу жабылган унаа жолу ачылды
Чаткалда убактылуу жабылган унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-февраль күнү аба ырайынын кескин өзгөрүп, кардын көп жаагандыгына байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу жаралган. Мындан улам Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров жана Красная Горка - Ак-Таш унаа жолдору Чаткал райондук администрация башчысынын буйругунун негизинде убактылуу жабылган. Аталган унаа жолдору бүгүн кайра ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.