Колун кокустатып алган Айсулуу Тыныбекова акыркы 20 күндөн бери олуттуу машыга элек

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жаракатынан улам акыркы 20 күндөн бери жеңил машыгууларды өткөрүп келүүдө. Бул тууралуу спортчу SUPER.KG порталына билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Кошумчалай кетсек, А.Тыныбекова 1 ай мурун Орусияда чыгаан балбан Иван Ярыгиндин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 58 килограмм салмакта кыз-келиндер арасында 2-орунду ээлеп калган. Мунун себеби жаракатка байланыштуу экенин ал буга чейин айтып келген. "Финалдык беттеш кызуу өтүп жаткан маалда чыканагым чыгып кетти. Колум дароо шишип, беттешти токтотууга туура келген. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен, дарыгерлер чет жактан келген спортчулардын жоопкерчилигин алуудан сестеништи окшойт. Ал күнү кечинде колго гипс салдырдык. Учурда чуркап, жеңил гана машыгууларды өткөрүп жатам. Кол айыкканга чейин күрөшкөнгө тыюу салынган",- дейт спортчу.
Спортчу кошумчалагандай, гипс жакында гана чечилди. Негизи, мындай жаракаттан соң күрөшүүгө 20-30 күндөн кийин уруксат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
priora1982

16.02.2015. 09:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртерек айыгып кет Лас-Вегаста ототурган Чемпионат мирага барышын керек Олимпиядага лицензия алышын керек
deva

16.02.2015. 09:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кыз аябай жакты мага адамгерчиликтүү, жөнөкөй экен
Nur45

16.02.2015. 10:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Пентхаустагы кызбы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.