super.kg logo

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү Ош облусунда жыйын өткөрүштү

 

14-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү Ош облусунун мусулмандар казыятында болуп, райондордун башкы имамдары, медресе мүдүрлөрү жана казыят кызматкерлеринин катышуусунда атайын жыйын өткөрүштү.  

Облустук казыяттан кабарлашкандай, жыйында Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Тажидин Байтейитов жана Марс Ибраев, муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазыев ажылардын жетекчилиги астында облус аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө медресе мүдүрлөрүнө айлык акы төлөө жана медреселердин базаларын чыңдоо маселелери көтөрүлдү. Өкүлдөр жыйында айтылган бир топ сунуштарды кабыл алып, көтөрүлгөн маселелерди март айынын аягында өтүүчү Аалымдар кеңешинин жыйынында карамай болушту.

Мындан сырткары Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү кээ бир мечит имамдары менен диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө даражалуу адамдарга таянуу илдеттеринен арылып, облус аймагында диний маалыматтардын туура жайылышын, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жандандырууну билдиришти. Жыйын соңунда катышуучулардын ишине ийгилик каалашып, Ош облусунда дин жаатында аткарылган иштерге жакшы деген бааларын беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: