super.kg logo
  Спорт  

Улуттук Олимпиада комитети Олимпиада оюндарына даярдыктарды көрө баштады

 

2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына даярдыктар кызуу жүрүүдө. Учурда Түштүк Америка континентинде тарыхта биринчи ирет өтө турган мелдештин программасы иштелип, оюндар өтүүчү жайлар камдалууда. 2016-жылдын 5-21-август аралыгында өтө турган бул мелдешке 200дөн ашык өлкөнүн катышуусу күтүлүп жатат. Анда 30дан ашык спорт түрүнөн 306 комплект медаль ойнотулат. Учурда Олимпиадага жолдомолор ойнотулуп баштады. 

Кыргызстандыктардан аталган тандоо туруна биринчи болуп футболчулар катышат. Тактап айтканда, март айында 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курам Азия чемпиондугунда ат салышат. Жолдомо алуу үчүн мелдеште 1-орунду камсыздоо керек. Башка спорт түрлөрү боюнча жолдомолор ушул жылдын экинчи жарымында болору айтылып келет.  

КРнын Улуттук Олимпиада комитети да Олимпиадага даярдыкты баштады. Комитет кечээ, 16-февралда "Мегаком" компаниясына "Рио-де-Жанейро-2016" Жайкы Олимпиадасында Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын башкы өнөктөшү" макамын ыйгарды. 

Кызматташтык алкагында Улуттук олимпиадалык комитет менен уюлдук оператор кыргызстандык спортчуларды ар тараптуу колдоого алышат. Бул чечим спорт жаатындагы ийгиликтерди гана шарттабастан, мекендештерибиздин арасында сергек жашоону жайылтууну көздөйт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.02.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде да Мараканадай болбосо да эл аралык денгээлдеги жок дегенде Бишкекке бир стадион салып койсо жакшы болмок. Ансыз деле мамлекеттин акчасын корунгон азган-тозгону жеп кетип атат.Стадион болсо элдин пайдасына кала берет эле. Жаштардын чон спортко кызыгуусу артат эле,машыгууга да жкшы шарт тузулмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: