Март айынан тарта өлкө аймагында массалык түрдө кызамыкка каршы эмдөө жүргүзүлө баштайт
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги калктын эпидемиологиялык туруктуу абалын сактоо үчүн 1 жаштан 20 жашка чейинкилердин арасында кызамыкка каршы Улуттук иммунизациялоо кампаниясын жүргүзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмдөө этап-этабы менен жүргүзүлмөкчү. Иммунизациялоонун биринчи этабын март айында, кызамык вирусу көп катталган Бишкек жана Чүй облусунда баштоо пландалууда. Ал эми эмдөөнүн экинчи этабы апрель айынан тарта башка аймактарда жүргүзүлө баштамакчы.
Буга чейин маалымдалгандай, 12-февраль күнү кызамыкка каршы 840 миң доза дары алынып келинген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.