Бишкекте "Баары лыжага" аттуу кышкы иш-чара болуп өттү






9-февралда Бишкек шаардык Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган “Баары лыжага” аттуу спорт майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чара “Стрельниково” лыжа базасында өтүп, ага балдар үйүнүн тарбиялануучулары, жарды үй-бүлөлөрдүн балдары, балдардын реабилитациялык борборлорунун тарбиялануучуларынан жалпы 350 бала катышты. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, бул кышкы майрамда көптөгөн оюндар орун алып, бардык катышуучулар белектер менен сыйланышты. Сынактын максаты - коомду кышкы спорт түрүнө үндөө экендигин айтат мэрия.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.