super.kg logo
  Саясат  

Эсенгул Исаков: "Депутаттын куралы - болгону микрофон, ал эми өкмөт бул куралды тоготпой жатат"

 

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде 2013-2014-жылдардагы эпизоотикалык абал жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча өкмөттүн аткарган иштери талкууланууда.

Жыйындын жүрүшүндө аталган комитеттин мүчөсү, депутат Эсенгул Исаков комитет берген тапшырманы өкмөт өкүлдөрү начар аткарышкандыгын белгилеп, "депутаттын куралы - болгону микрофон, ал эми өкмөт бул куралды тоготпой жатат" деген пикирин айтты. 

Анын айтымында, республикада эпизоотикалык абал коркунучтуу болууда. "Жаз келгенге аз эле мөөнөт калды. Жылуулуктун келиши менен оорулар ойгонот. Малга эмдөө жүргүзүш үчүн дары-дармек алууга тендер жарыяланган, бирок мындан ары иш жүрбөй жатат. Малчылар нааразы болушууда. Мал ден соолукта болсо, адам да ден соолукта болот. Өкмөт бул маселени чечүүдө тийиштүү чараларды көрүүсү зарыл",- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: