super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу жөнүндө эл аралык конференция өтөт

 

Бишкекте быйыл май айында «Пекин»+20» конференциясынын чечимдерине ылайык, "Гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролу" аталышындагы эл аралык конференция өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Ага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн парламентчилери менен эксперттери чакырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, конференция Пекин шаарында өткөн аялдардын абалы боюнча 4-дүйнөлүк конференциянын 20 жылдыгына арналууда. Анын негизги максаттарынын бири - парламенттин, өкмөттүн жана жарандык коомдун иш-аракеттерин "Пекин декларациясы" менен "Аракет" платформасын ишке ашырууга багыттоо. 

Мындай иш-чараларды өткөрүү Кыргызстанда гендердик теңчиликти өркүндөтүү боюнча тутумдаш чаралардын иштелип чыгуусуна түрткү берет. Белгилей кетсек, Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте биринчилерден болуп “Гендердик теңчиликти камсыздоодо негизги мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзамда мамлекеттик органдарды түзүүдө аялдарга квота берүү боюнча талаптарды аткаруу жаатында берилген ыйгарым укуктардын алкагында Жогорку Кеңештин милдеттери тууралуу маанилүү ченемдер бекитилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: