super.kg logo

Жалал-Абадда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы белгиленди

 

Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында 15-февраль күнү Ооганстандан советтик аскерлерди алып чыгуунун 26 жылдыгына карата салтанат өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Тайирбек Чойбеков, шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нишанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ооган согушунун ардагерлери жана апаатта каза болгондордун жакындары катышышты.

Алгач кайтыш болгондор эскерилип, эстелигине гүлчамбарлар коюлду жана ок атылды. Вице-мэр Т.Чойбеков: “Жалал-Абад шаарынан жүзгө жакын жоокер согушка катышкан. Алардын ичинен курман болгон Валерий Кашкин жана Толкун Ходжибаевдин ысымы менен аталган шаарыбызда көчөлөр бар. Ооган жоокерлеринин эрдигине, Ата Мекенди коргоодо атуулдук парзыңарды абийирдүүлүк менен аткарып, эл арасында сый-урматка татыган сиздерге жана Ооган апаатынан кайтпай калган жоокерлерге таазим этебиз. Алардын элеси түбөлүк калат”,- деп айтып өттү.

Ошондой эле Н.Нишанов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери Ооган согушунун ардагерлерин куттукташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: