super.kg logo
  Саясат  

Орусия жана Казакстанга барган кыргыз жарандарынын каттоого туруу мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартуу сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 16-февралда Орусия жана Казакстанга барган кыргыз жарандарынын каттоого туруу мөөнөтү боюнча өкмөттөр ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун карады. 

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, азыркы учурда иштеп жаткан келишимдерге ылайык, Орусия аймагына барган кыргыз жарандары 7 күндүн, ал эми Казакстан аймагына баргандар 5 күндүн ичинде каттоого турууга тийиш. "Азыр каралган мөөнөттөр 30 күнгө чейин узартылууда. 2014-жылдын соңунда эки өлкө жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушундай макулдашууга жетишилген",- деди Абдылдаев. 

Жыйынтыгында келишим долбоорлору жактырылды. Депутаттардын пикиринде, бул макулдашуулар тышкы миграция жаатындагы абалды жакшыртып, кыргыз жарандарынын эки өлкө аймагында жүрүүсүн кыйла жеңилдетет. Келишим кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет. Ошону менен бирге тышкы миграция маселесин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен алып, кайрадан Тышкы иштер министрлигинин кароосуна өткөрүү сунушу берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: