super.kg logo

Түркияда курула турган Бурана мунарасынын кичи макетинин бет ачары болду

 

11-14-февраль күндөрү КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев Түркия мамлекетинде болуп кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш сапар 2015-жыл Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Туризм жылы деп жарыяланган эки өлкөнүн макулдашуусун ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Иш сапарда апрель айында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган “Кыргыз айылынын” кичи долбоору тартуулана турган маданий фестивалдын уюштурулушу, өткөрүлүшү тууралуу бир катар жолугушуулар болду.

Долбоорго ылайык, Стамбул шаарынын борборунда 15-25 боз үй тигилип, фольклордук концерттер, улуттук оюндар, “Дасторкон” көргөзмөлөрү уюштурулат. Иш сапардын жүрүшүндө М.Чакиев башында турган кыргыз делегациясы Түрк тилдүү мамлекеттердин шаар башчыларынын ассоциациясы менен жолугуп, 2015-жыл Кыргызстанда жана Түркияда Туризм жылынын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Стамбул шаарынын мэриясынын маданий башкармалыгынын өкүлү Салих Доган тарабынан сунушталган Стамбулдун борборундагы музейдин аймагында курула турган Бурана мунарасынын кичи макети жана Бишкек шаарында курула турган “Манас” панорамалык музей долбоорунун бет ачары болду. Аталган ири долбоорлор маданий мурастарды сактоодо, жайылтууда, жаш муунду тарбиялоодо чоң мааниге ээ болору, эң негизгиси, мамлекеттин башкы туристтик жайы болуп каларында шек жок. Долбоор менен кеңири тааныштыруу үчүн авторлор Кыргызстанга чакыруу алышты.

Мындан тышкары Стамбул шаарынын жана Бартын провинциясынын Соода-өндүрүш палаталарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду. Анда 2015-жылы Бишкек шаарында “Кыргызстан-Түркия” бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылды. Кыргызстандын облустары менен маданий байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн Бартын провинциясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын өкүлдөрү Бишкекке чакырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
16.02.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туркияга куруп :мунун оригиналы Кыргызстанда:деп жазып койсо туристтер келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: