super.kg logo

Ошто советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү

 

Ош шаарында советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда шаардык мэриядан билдиришти. 

Иш-чара Ооган согушунда каза болгондорду эскерип, эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң асманга ок атылды. Оштун биринчи вице-мэри Замир Аскаров Ооган согушунда каза болгондорду эскерип туруу абзел экендигин айтты. Ошондой эле ал өз сөзүндө аталган согушка катышкандар жана анда каза тапкандар эрдик жасагандыгын баса белгилеп, Ооган согушунун ардагерлерине жана анда каза болгондордун жакындарына акчалай сыйлык жана Ардак баракчаларын тапшырды. 

Иш-чарага биринчи вице-мэр Замир Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, Ош шаарындагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Байыш Юсупов, Орусиянын Ош шаарындагы консулу Александр Кудряшов жана Ооган согушунун ардагерлери жана апаатта каза болгондордун жакындары катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: