super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

 

Бүгүн, 16-февралда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. 

Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчыга нөшөрлөгөн жамгырдын жана кардын эришинен улам Талас облусунда катталган селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. 

Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Таластагы селдин кесепетинен жабыркаган бардык турак жайларды, арыктарды, жолдорду тез арада калыбына келтирүүгө тийиш экендигин айтты.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандарыбыз өздөрү да түрдүү кесепеттердин алдын алууга даяр болушу керектигин жана министрлик жаз айларында көп катталчу жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча калкка тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: