Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар багытындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери талкууланууда
Бүгүн, 16-февралда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар багытындагы мыйзамдарды өркүндөтүү багытында тегерек стол өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү, эксперттер катышууда.
Мыйзам долбоору боюнча Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев баяндама жасады. Мыйзам долбоорунун максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадр тандоо системин жана кызматкерлердин натыйжалуу, жоопкерчиликтүү болуусун өркүндөтүү болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

