super.kg logo
  Саясат  

Март айында “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” аттуу конференция өтөт

 

Ушул жылдын 10-11-март күндөрү Жогорку Кеңеш “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” деген темада республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Мындай кабарды Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 16-февраль күнү билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаранын алкагында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам, орфографиядагы талаш маселелер, терминология жана сөз жасоо, котормо маселелери боюнча тилчи-адистердин жана мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары айтылат. Пикир алмашуулардын негизинде мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүнүн орчундуу маселелери илимий жактан такталып, туура чечим кабыл алуу максаты коюлат. 

«Атайын уюштуруу тобу мамлекеттик тил көйгөйлөрүн чечүү негиздерине арналган илимий баяндамаларды да кабыл алууда. Азыркы тапта алардын эсеби 50гө жакындап калды. Ал өлкөнүн ар тарабындагы окумуштуулар тарабынан жөнөтүлгөн маанилүү маалыматтар болуп саналат»,- дейт Илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун соцлингвистика жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты Гүлнара Жамашева «Парламент» радиосунун түз эфиринде берген маегинде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: