super.kg logo
  Саясат  

Катар инвесторлору кош салык кыйынчылыгынан бошотулушат

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде “2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин ортосундагы кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору жактырылды. Муну Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 16-февраль күнү маалымдады. 

Ага ылайык, бул келишим кош салык салууну болтурбоо жана өлкөдө инвестициялык жагымдуу шарт түзүү максатында түзүлүп жатат. Келишим күчүнө кирсе, Кыргызстандын экономикасына инвестиция салган катардык ишкерлер кош салык кыйынчылыгынан кутулуп, биздин улуттук мыйзамдарыбызга ылайык гана салык төлөп калышат. 

Эске салсак, буга чейин кыргыз парламенти тарабынан эки өлкө ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланган. Азыр араб өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекети менен кызматташтык мамилелер жанданып, өлкө аймагында Катардын 5 компаниясы иштеп жатат. 

Катар тарап Кыргызстандын экономикасына инвестиция салып, бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга, биоветеринардык лабораторияларды куруп, экологиялык жактан таза эт азыктары менен минералдык сууларды алууга кызыкдар. Бул багытта өкмөттөр аралык жумушчу комиссиясы иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: