super.kg logo

Түркияда студент кызды зордуктап, өлтүргөн соң кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн дарыяга ыргыткандар кармалышты

 
20 жаштагы Өзгежан Аслан
Түркияда студент кызды зордуктап, өлтүргөн соң кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумдун сөөгүн дарыяга ыргыткандар кармалып, кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кичи автобустун айдоочусу, анын атасы жана таанышы кылмышка шектүү катары кармалышкан. Айдоочу акыркы жүргүнчүнү адам аз жерге алып барып, аны зордуктоого аракет кылган. Кыз каршылык көрсөтүп, айдоочунун бетин тытып салган да, өзүн коргоодо пайдалануучу баллонду кылмышка шектүүгө карата колдонгон. Айдоочу кызга бычак сайып, кылмыштын изин жашыруу үчүн маркумдун манжаларын да кескен.
13-февралда Түркиянын түштүгүндөгү Тарсус районундагы дарыялардын биринен 20 жаштагы Өзгежан Аслан аттуу кыздын күйгөн денеси табылган. Ал Чан университетинде психология адистиги боюнча билим алып жаткан. Маркумдун сөөгү таанылгыс болуп күйгөндүктөн, аны кыздын жакын курбусу да тааный алган эмес. Кийиминен гана таанып: "11-февралда Өзгежан менен дүкөнгө барганбыз. Тамактанып, анан үйгө кеткенбиз. Биз бир автобуста кеттик, бирок мен эрте түшкөн элем",- деген.
Кийинки күнү полиция кызматкерлери кичи автобусту табышкан. Андан кандын издери жана кыздын баш кийими да табылган. Маркумдун атасы баш кийим кызына тиешелүү экенин айткан. Кылмышка шектүү катары 26 жаштагы кичи автобустун айдоочусу, анын 50 жаштагы атасы жана 20 жаштагы досу кармалды. Атасы менен досу кылмыш изин жашырууга көмөктөшкөнүн моюнга алышкан. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
16.02.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Түрктөр деле бизден калышпайт экен. Эмнеге өлтүрүп зордукташат, таң калам?.. Ошончолук эле ургаачы эңсеп чыдабай жатсаң, бираз акчаңы садага чаап көчөгө чыксаң табасың оңой эле, азыркы заманда.
16.02.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ Аллахым тынчтык,сабырдуулук берекор адамдарга.
16.02.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeri jailuu bolsun amiin
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: