Нарын. Облустук администрациянын имаратынын алдында өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков баштаган кызматкерлер кар күрөштү






Нарын облусунда 3 күн бою тынбай жааган кардын калыңдыгы 30 сантиметрден ашты. Бул абал шаардагы унаалардын кыймылын азайтып, айрым жерлерде тыгындар пайда болууда. Учурда “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасы Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүн тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле бүгүн, 11-февралда саат 9:40та облустук администрациянын имаратынын алдындагы карды күрөө ишине өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков баш болгон администрациянын кызматкерлери чыгышты. “Таза-Нарын” ишканасынан 3 жүк ташуучу унаасы келип, күрөлгөн карды алып кетти. Борбордук көчөлөр толугу менен кардан тазаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

