Мектеп директору: “Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип жаткан аялдын бизде иштеп жатканда жаман жактары байкалган эмес"

"Эки баласын өлтүрдү” деп шектелип жаткан аялдын жаман жактары байкалган эмес. Бул тууралуу 16-февралда SUPER.KG порталына Бишкектеги №44-орто мектептин директору Флора Халилова билдирди.
“Ал биздин мектепте англис тилинен сабак берип, 4 айдан бери иштеп келген. Бул убакыт аралыгында анын эч кандай жаман жактары байкалган эмес. Мурда психикалык ооруканада жатып чыкканын деле билбептирбиз. Учурда тергөө иштеринин жыйынтыгын күтүп жатабыз”,- деди Флора Халилова.
Айта кетсек, 15-февраль күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы батирлердин биринен 3 жана 4 жаштагы балдардын жансыз денелери табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары маркум балдардын апасы кармалган.
Ошондой эле кылмышка шектүүнүн Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштеп келгени айтылган эле.
"Кызыма дары берип уктатып, анан бычактадым"
































1 | 2 |