Транспорт министри парламенттик комитеттин жыйынына келбегендигинен бир топ маселелер каралбай калды

Бүгүн, 16-февралда парламенттин Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитетинин жыйынына транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов келбегендигинен депутаттар бир топ тийиштүү маселелерди кароодон баш тартышты.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Министрликтин өкүлдөрү билдиргендей, К.Султанов ооруп калгандыгынан улам жыйынга келе алган жок. Депутаттардын айтымдарында, ал көптөн бери комитет жыйындарына катышпай жүрөт.
Айта кетсек, бул жыйында "КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жана "Бишкек-Ош унаа жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча КРнын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы гранттык макулдашуунун долбоору каралмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

