super.kg logo

Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев түзгөн “Манас” эпосунун үчилтигинин хрестоматиялык басылышы жарык көрдү

 

17-февралда А.Малдыбаев атындагы Академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев түзгөн "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин кыргыз, орус, өзбек тилдеринде жарык көргөн хрестоматиялык басылышынын бет ачар аземи өтөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Чыгарма 1937-жылы атууга кеткен кыргыз манас таануучулары Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Евгений Поливанов, Токчоро Жолдошев жана 1950-жылы репрессияга туш болгон Ташым Байжиев, Зияш Бектеновдордун жаркын элесине арналат.

Үчилтиктин поэтикалык түрү орус тилинен азербайжан, грузин, тажик, казак, украин тилдерине которулуп, өзбек тилинде өзүнчө китеп болуп жарык көрдү. Хрестоматиялык вариантты КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуу куралы катары пайдаланууга уруксат берилген. 

Иш-чарага республиканын жогорку жетекчилиги, ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, окуу жайлардын жетекчилери чакырылды. Бет ачар азем Ташым Байжиевдин көз жумган күнүн утурлай өткөрүлүүдө. Эскерте кетсек, Ташым Байжиев 1952-жылы 17-февралда Карагандыда жайгашкан түзөтүү-эмгек лагеринде каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: