super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 2014-жылы 12 ветеринардык дарыкананын иши токтотулду

 
Кыргызстанда 2014-жылы 263 ветеринардык дарыкананын 225и текшерүүдөн өтүп, 12синин иши токтотулду. Муну парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 16-февралдагы жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев билдирди. 
Республиканын түндүк аймагынан келүүчү мал жандыктарын көзөмөлдөө үчүн Ысык-Көлдүн Кызыл-Көпүрө аймагына жана Кара-Балта шаарындагы Сосновка аймагына түнкү күзөт көзөмөлдөрү уюштурулганы, ветеринардык талаптарды сактабагандыгы үчүн базар ээлерине, мал ээлерине жана ветеринарларга тийиштүү чаралар көрүлгөнү айтылды. "1612 ветеринардык мыйзам бузуу катталып, айып пул 340 миң сомду түзгөн. 4 материал укук коргоо органдарына берилген. Республика боюнча 74 касапкананын 14ү убактылуу жабылган. 2014-жылы чек ара пункттарында инспекторлор тарабынан 80 баш бодо мал, 41 жылкы, 416 кой-эчки, 5516 даана жумуртка, 116 тери, 65 килограмм курут кармалып, артка кайтарылган",- деп билдирди Осмоналиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: