super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө эпизоотикалык кырдаалды толук көзөмөлдөөгө 370 миллион сом керек

 
Кыргызстанда эпизоотикалык кырдаалды көзөмөлдөөгө бюджеттен бөлүнчү акчанын суммасы былтыркыдан өзгөрүүсүз калууда же 61 миллион сом бөлүнүүдө. Маалымат Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 16-февралдагы жыйынында айтылды. 22 жугуштуу оорунун 9уна (сибирь жарасы, гүл, кутурма, кыргын, шарп, бруцеллёз, эхинококкоз жана башка) каржылоо 16 пайыз гана каралып жатканы белгилүү болду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча эпизоотикалык кырдаалды туруктуу кармоо үчүн 126 миллион сом, ал эми толук камсыздоо үчүн 370 миллион сом зарыл. 
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев май айында Бажы биримдигине кирүүнүн алкагында чек аралар ачыла турганын эске салып, ошондо малдын башын идентификациялоо, эпизоотикалык жагдайлар комплекстүү чечилерин билдирди. Мамлекеттик бюджеттен зарыл болгон акчаны бөлүү мүмкүнчүлүгү болбой жатканын, малдын саламаттыгы үчүн мал ээлеринин жоопкерчилигин да кароо керектигин кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: