Талас. Тайырбек Сарпашев Талас облусунун жетекчилерин таза иштөөгө чакырды
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусундагы иш сапары учурунда облус жетекчилери менен жолугуп, аларды таза иштөөгө чакырды. “Өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшү үчүн таза иштешибиз керек. Талас облусунун да өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрү көп, анткени бул аймакта алтын, күмүш жана башка баалуу заттардын кендери бар. Буларды аң-сезимдүү колдонуу менен биз аймактын экономикасын байыта алабыз. 14-январда кабыл алынган “Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясында" да аймактарды өнүктүрүүгө көп көңүл буруу каралган. Ошондуктан бардык жетекчилерди ал документке көп көңүл буруп, андагы максаттарга карап иш алып барууңуздарды өтүнөм”,- деди Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

